Опубликовано
04.06.2020, 10:45Жарандык авиация агенттигинин директорунун эл аралык авиакаттамдардын жанданышы тууралуу билдирүүсүндө так эместик орун алды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
[news 22467]
Маалыматка ылайык, КР аэропортторун 15-июндан тарта эл аралык авиабилдирүүлөрдү кабыл алууга даярдоо пландалып жатат. Ал эми эл аралык каттамдарды кайра жандантуу КР Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.
Чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялар каттамдарын качан жана канча жолу ишке ашырышы боюнча жеке сунуштарын жиберүүдө.