Эл аралык авиабилдирүүлөр өкмөттүн чечиминен кийин гана ишке ашырылат

04.06.2020, 16:45 Акчабар
Эл аралык авиабилдирүүлөр өкмөттүн чечиминен кийин гана ишке ашырылат

Жарандык авиация агенттигинин директорунун эл аралык авиакаттамдардын жанданышы тууралуу билдирүүсүндө так эместик орун алды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, КР аэропортторун 15-июндан тарта эл аралык авиабилдирүүлөрдү кабыл алууга даярдоо пландалып жатат. Ал эми эл аралык каттамдарды кайра жандантуу КР Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.

Чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялар каттамдарын качан жана канча жолу ишке ашырышы боюнча жеке сунуштарын жиберүүдө.

Тэги: Жарандык авиация агенттик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть