ААК «Эл аралык «Манас» аэропорту менен ААК «Бишкексүттүн» акциялары төмөндөдү

14.08.2020, 10:15 Акчабар
ААК «Эл аралык «Манас» аэропорту менен ААК «Бишкексүттүн» акциялары төмөндөдү

3-агусттан тарта 7-августка чейин биржанын соода аянтчасында баалуу кагаздар боюнча жети компания менен 2.6 млн сомго 48 келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.

Экинчи рынокто келишимдер корпоративдик баалуу кагаздар менен түзүлгөн.

Корпоративдүү сектор

Биринчи рынокто келишим түзүлгөн эмес.

Экинчи рынокто 2.6 млн сомго соода жүргүзүлгөн. Анын ичинен 79% компаниянын акциялары түзгөн.

Келишимдердин басымдуу бөлүгү ААК «Бишкексүттүн» акциялары менен түзүлгөн. 1.4 млн сомго жети клишим жүргүзүлүп, жыйынтыгында компаниянын акциялары 375 сомго чейин төмөндөгөн.

ААК «Эл аралык «Манас» аэропортунун» акциясы менен 400 миң сомго төрт келишим түзүлгөн. Бул учурда акциянын баасы 325 сомго чейин төмөндөгөн.

Андан сырткары, ААК «УЭС Кыргызстан» жана ААК «Ошэлектро» электр компаниялары, ААК «Бишкеккурулуштун» акциялары менен келишим түзүлгөн. Кыргызстан Улуттук электро станциянын акциясы -0.06 сомду жана Ош электронуку +0.05 сом динамиканы көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн сооданын 20% ОсОО «Ихсан-Орикстин» корпоративдик баалуу кагаздар менен 500 миң сомго жана ОсОО «Первая металлобаза» менен 50 миң сомго жүргүзүлгөн келишими ээлеген.

Листинг сектору

Соода жумалыгынын 35% листинг компаниялардын баалуу кагаздар менен жүргүзгөн келишимдери түзгөн. Анын ичинен:

- ААК «Эл аралык «Манас» аэропорту менен 400 миң сомго бир келтишим түзүлгөн;

- ОсОО «Ихсан-Орикс» жана ОсОО «Первая металлобаза» менен 500 миң сомго 5 корпоративдик баалуу кагаз менен келишим түзүлгөн.

Тэги: ААК Бишкексүт акция биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть