«Эл үмүтү» стипендиясы эки жылда 26 адамга берилди

15.04.2024, 17:30 Акчабар
«Эл үмүтү» стипендиясы эки жылда 26 адамга берилди

"Эл үмүтү" стипендиясы 2022-жылы 9, 2023-жылы болсо 17 студентке берилди. Бул тууралуу Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.

Ал мамлекеттик колдоого ээ болгон жаштар Кыргызстанга кайтып келип, илим чөйрөсүн өнүктүрүүгө жардам берерин белгилейт.

Белгилей кетсек, стипендия QS World University Rankings, Times Higher Education сыяктуу дүйнөлүк топ-100 рейтингге кирген чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда магистр жана PhD деңгээлинде билим алган жаштарга берилет. Анын бир жылдык суммасы 50 миң доллардан ашпоого тийиш.

Тэги: стипендия эл үмүтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть