Өзгөн районунда электр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуртуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган райондун Кара-Дыйкан айылынын тургуну райондун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн негизсиз акт түзүшүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатканын билдирген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери арыз ээсинен опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси “Опузалап пара алуу" менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.