Электрондук патентти смартфон аркылуу кантип толтуруп жана төлөм жүргүзсө болот? Инструкция

14.07.2022, 17:06 Акчабар
Электрондук патентти смартфон аркылуу кантип толтуруп жана төлөм жүргүзсө болот? Инструкция

Салык төлөөчүлөргө мындан ары салык кызматтарына улам каттай берүүнүн зарылчылыгы жок. Электрондук патентти MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн толтуруп жана төлөм жүргүзүүгө болот!

Тиркеме аркылуу документтин баасын эсептөөнү, аны толтурууну жана каражат төлөөнү сутканын каалаган убактысында, минималдуу аз убакыт аралыгында ишке ашыруу мүмкүн.

Электрондук патенттин баасын эсептөө, каражат төлөө жана документти алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • «Төлөм» баракчасын, андан кийин «Атайын кызматтар» баракчасын ачып, «Электрондук патент» бөлүмүнө өтүү;
  • салык төлөөчүнүн экономикалык иш-аракетинин түрү жана документтин жарактуу мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарын жазуу;
  • патентти толтурууну тастыктоо;
  • реквизиттер жана төлөмдүн суммасы сервис тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт, болгону транзакцияны тастыктоо керек.

Даяр!

Бизнесиңизге пайда келтирүү үчүн убактыңызды үнөмдөңүз. MegaPay'динзаманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кызмат акыларын телефондун балансынан төлөңүз!

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть