ЕРӨБ атамекендик ишканаларды өнүктүрүү үчүн 330 млн доллар берүүгө даяр

25.11.2020, 10:40 Акчабар
ЕРӨБ атамекендик ишканаларды өнүктүрүү үчүн 330 млн доллар берүүгө даяр

ЕРӨБ кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга негизги басым жасайт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушууда белгилүү болду.

«ЕРӨБ негизги басымды кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана каржылоого карай жеткиликтүүлүккө коет. Бул милдеттер Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдына коюлган милдеттер менен толугу менен дал келет», - деп билдирген Артем Новиков.

ЕРӨБ атамекендик ишканаларды өнүктүрүү үчүн 330 млн АКШ долларын берүүгө даяр.

«Банктын учурдагы портфели көлөмдүү жана 330 млн АКШ долларын түзөт, мамлекеттик программалар боюнча гана 44 долбоор ишке ашырылууда. Биз үчүн сиздер тараптан атамекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул дагы биздин кызматташтыгыбыз үчүн чек эмес. Биргелешкен аракеттерибиз аркылуу сиздердин мүмкүнчүлүктү жана экономикалык абалды турукташтырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларын интеграциялай алабыз», - деди Артем Новиков.

Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн билдиргендей, финансы институту мындан ары карай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен активдүү кызматташуга даяр.

Андан сырткары, тараптар алардын аткарылышы үчүн ыкчам чечүүнү талап кылган биринчи кезектеги долбоорлорду талкуулады.

Артем Новиков тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган маселени ыкчам тартипте иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Тэги: ЕРӨБ  кичи жана орто бизнес инвестиция Нил Маккейн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть