ЭТТН менен эсеп-фактура бириктирилиши мүмкүн

23.11.2023, 17:12 Акчабар
ЭТТН менен эсеп-фактура бириктирилиши мүмкүн

ЭТТН (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз) менен эсеп-фактураны бириктирүүгө болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков “Патенттердин жоюлушу соода тармагындагы ишке кандай таасирин тийгизет?” аттуу тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, Салык кызматы текшерүүлөрдү азайтып, дистанциялык башкарууга басым жасоону пландоодо. Физикалык текшерүүлөр шектүү акча которуулар аныкталгандан кийин гана жүргүзүлөт.

“Биз мүмкүн болушунча адамдык факторду жок кылгыбыз келет. Бирок, бул системалар жаңыдан ишке ашырылып жатат жана бардыгы үчүн кыйын”, - деп белгиледи Кубанычбек Исабеков.

Ошондой эле, келечекте Салык кызматы өзү отчет түзүп, эсеп-фактурасын көрсөтөт. Ал эми ишкер болсо, баары туура келерин көрүп, эсепти гана төлөйт. Жылына бир жолу отчет талап кылынат.

Тэги: электрондук эсеп фактура ЭТТН

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть