2021-жылдын 11-мартында Европа Биримдиги Кыргызстанга Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн жалпы суммасы 100 миң еврого бааланган материалдарды өткөрүп берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, материалдар диагностикалык жана сыноолорду жүргүзүү үчүн тесттик топтомдорду камтып, 8 миң ПЧР-тест жасоого жетиштүү.
Эске салсак, Европа Биримдиги COVID-19 пандемиясына жооп иретинде Кыргызстанды колдоо үчүн 43 миллион евродон ашык каражат менен мобилизацияланган.