Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Сыймык Жапыкеевдин ишин кубаттады

10.12.2020, 09:40 Акчабар
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Сыймык Жапыкеевдин ишин кубаттады

Финансы полициясынын азыркы жүргүзүп жаткан ишинде ЕККУнун (Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму) Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс оң натыйжаларды көргөндүгүн белгиледи. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкекте Сыймык Жапыкеев менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркстын жолугушуусу болду.

«Пьер фон Аркс мырза Финансы полициясынын ишмердигине байкоо жүргүзүп жаткандыгын жана кызматтын ишинде оң натыйжаларды көргөндүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал Финансы полициясы органдары өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу шартты камсыз кылууда маанилүү ролду ойной тургандыгына макул жана финансылык тергөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында дараметти көтөрүү маселелеринде колдоо көрсөтүү менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин тастыктады», - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Сыймык Жапыкеев Финансы полициясынын төрагасы болуп үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында дайындалган.

Тэги: Европа ЕККУ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть