akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.04.2020, 06:30

    Facebook 50 кишиден ашуун катышкан бардык массалык иш-чараларды 2021-жылдын июнь айына чейин токтото турууну чечти. Бул тууралуу vc.ru порталы компаниянын жетекчиси Марк Цукербергдин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

    [news 23247]

    Маалым болгондой, айрым иш-чараларды социалдык тармак онлайн-режимде өткөрө турган болду.

    Андан сырткары, Facebook кызматкерлерин май айынын аягына чейин үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бирок, компаниянын кызматкерлери өз каалоолору менен үйдө 2020-жылдын сентябрь айына чейин иштеп тура алышат.

    «Фейсбуктун кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү - үйдөн иштей алышат. Биз коом алдыдагы жоопкерчиликти сезип, кызматкерлерге үйдөн иштөөгө бардык шарттарды түзүп бердик. Бул илдеттин жайылышын алдын-алууга бир катар жардам берерине ишенебиз», — деп айтты Марк Цукерберг.


    Читать похожее

    • 14.05.2024, 21:00:59
    • 25.04.2024, 23:30:44
    • 02.04.2024, 06:00:49
    • 06.03.2024, 21:40:22