Опубликовано
01.05.2020, 07:00Facebook компаниясынын кирешеси 18% жогорулаган - бул компаниянын тарыхындагы эң төмөн өсүш болгон. Бул тууралуу vc.ru порталы билдирди.
[news 23763]
Маалым болгондой, 2020-жылдын биринчи кварталындагы компаниянын кирешеси - 17.74 млрд $ түзгөн. Бул көрсөткүч 2019-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 18% жогорулаган. Кошумчалай кетсек, 2019-жылы кирешенин көлөмү - 15.08 млрд $ түзгөн.
Компаниянын таза кирешеси - 4.9 млрд $ түзгөн. Жарнамалардын сатылышы - 17% чейин же 17.44 млрд $ чейин жогорулаган. Компаниянын билдирген маалыматына ылайык, жарнамадан түшкөн кирешеси Covid-19 вирусуна байланыштуу төмөндөп кеткен.
Биринчи кварталдагы чыгашанын көлөмү 1% жогорулап, 11.84 млрд $ түзгөн. Маалым болгондой, компания 2020-жылдагы кирешесин ар түрдүү иш-чараларды токтоткондугу үчүн 54-59 млрд доллардан 52-56 млрд долларга чейин кыскарткан.