Финансы министрлиги банктык депозиттерди жайгаштырууга ачык аукцион өткөрдү

25.06.2020, 12:50 Акчабар
Финансы министрлиги банктык депозиттерди жайгаштырууга ачык аукцион өткөрдү

Финансы министрлиги максаттуу мөөнөттүү банктык депозиттерди жайгаштырууга ачык аукцион өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 «Ишкердик субъекттерин каржылоо программасын бекитүү тууралуу» токтомун аткаруунун алкагында Финансы министрлиги 2020-жылдын 23-июнунда Герман өнүктүрүү банкынын (KfW) программалары боюнча кайтарылуучу каражаттарды максаттуу банктык депозиттер түрүндө жайгаштыруу боюнча ачык аукцион өткөрдү.

Аукциондо максаттуу мөөнөттүү банктык депозиттер түрүндө жайгаштыруу үчүн жалпысынан 1 332 млн сомго каражаттар коюлду.

Аукционго катышууга өтүнмөлөрдү 11 коммерциялык банктын ичинен аукционго катышуу үчүн тандоо критерийлерине туура келген жана Финансы министрлиги менен Кызматташуу тууралуу макулдашууну түзгөн 4 коммерциялык банк берди.

Коммерциялык банктар тарабынан берилген бардык өтүнмөлөр 520 млн сомго канааттандырылды. Финансы министрлиги коммерциялык банктарда жайгаштырган максаттуу мөөнөттүү депозиттерди банктар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча экономиканын маанилүү сектору катары региондордогу айыл чарба секторундагы ишкердик максаттарга жеңилдетилген шарттарда насыя берүү үчүн пайдаланууга тийиш.

Финансы министрлиги Герман өнүктүрүү банкынын каражаттарын коммерциялык банктардын арасында Ишкердик субъекттерин каржылоо программасынын алкагында ишкердик субъекттерди жеңилдетилген каржылоого жайгаштыруу боюнча кийинки аукциондорду өткөрүүнү пландоодо.

Аталган Программаны ишке ашыруу үчүн ар кандай каржылоо булактары тартылууда. Донорлордун талаптарына ылайык Программаны ишке ашыруу үчүн каражаттардын бир бөлүгү аукцион механизми боюнча, дагы бир бөлүгү бюджеттик насыялоо түрүндө каржыланат.

Каржылоонун ар бир этабы боюнча Финансы министрлиги өзүнүн расмий сайтында каржылоонун шарттарын, ошондой эле коммерциялык банктар боюнча бөлүнгөн суммалар тууралуу маалыматты жарыялап турат.

Тэги: Финансы министрлиги депозиттер аукцион ведомство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть