Финансы полициясынын айып аянтчасында турган 2 автоунаа уурдалды

07.09.2020, 17:35 Акчабар
Финансы полициясынын айып аянтчасында турган 2 автоунаа уурдалды

Кантта Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалып, айып аянтчасына коюлган
(аткезчилик жол менен алынып келген) эки унаа уурдалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына таянуу менен жазып чыкты.

Каржы полициясы билдиргендей, 3-сентябрь күнү «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын жүк бөлүгүндө «Тойота Альфард» жана «Хонда Элюзион» үлгүсүндөгү оң рулдуу унаалар аныкталган. Алар документтерде унаа тетиктери катары көрсөтүлгөн.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 230-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Кийинки күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган унаалар текшерилип, далил буюм катары Люксембург айылындагы (Чүй облусу) айып аянтчасына кароого коюлган.

Бирок 6нан 7-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар каракчылык жолу менен ал унааларды айып аянтчасынан уурдап кетишкен. Ага байланыштуу аталган факт боюнча Ысык-Ата райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Тэги: Финансы полициясы автоунаа айып аянтча

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть