FINCA Банк мамлекетке COVID-19 менен күрөшүүгө 3 миллион сом бөлдү

09.04.2020, 12:30 Акчабар
FINCA Банк мамлекетке COVID-19 менен күрөшүүгө 3 миллион сом бөлдү

FINCA Банк​ адамдын дем алуу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу медициналык жабдууларды сатып алууга 3 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу банктан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары жана кычкылтек концентраторлору сыяктуу жабдуулар коронавируска каршы күрөшүүдө өлкө үчүн эң керектүү болуп саналат.

«20 кычкылтек концентратору жана 20 BIPAP аппараты түрүндөгү жабдуулар вирустук инфекцияга каршы күрөшүп жаткан жана жабдуулары жетишсиз болуп жаткан медициналык мекемелерге, өз өмүрүн тобокелге салып, биздин жарандарыбыздын ден-соолугун жана өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшап, ушул илдет менен күрөшүп жаткан биздин медициналык кызматкерлерибизге өткөрүп берилет», — деп жазылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү вируска каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн FINCA Банкка ыраазычылык билдиришти: «Биз Банктын мындай кайрымдуулук ишин жогору бааладык жана ушул оор мезгилде көрсөткөн жардамы үчүн ыраазыбыз», - деп белгиледи министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов.

FINCA Банк коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө болгон салымын кошууну өз милдети деп эсептейт, бул азыркы убакта дүйнөлүк экономикалык туруктуулуктун башкы көйгөйү гана болбостон, Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна да реалдуу коркунуч туудурууда.

Тэги: FINCA Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть