Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.07.2020, 09:15

Эл аралык рейтинг Fitch агенттиги дүйнөдөгү мамлекеттердин бюджети 2020-жылы 9.7 трлн долларга кыскарарын болжолдоп атат. Бул тууралуу ТАСС порталы маалымдады.

[news 25829]

«Мамлекеттик фонддордун быйылкы жылы кайра бөлүштүрүлүшүн эске алганда, өзгөрүүлөр чындыгында олуттуу болушу керек. Fitch Ratings божомолунда, мамлекеттердин балансында турган каражаттар быйыл 9,7 триллион долларга (ИДПнын 12%) азаят жана мамлекеттик карыз 76 триллион долларга (ИДПнын 95%) жетет», — деп жазылат маалыматта.

Агенттиктин талдоочуларынын айтымында, учурдагы финансы өзгөчөлүк, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик чыгымдардын кескин көбөйүшү менен байланыштуу.

Агенттиктин божомолуна ылайык, дүйнөлүк номиналдык ИДПнын көлөмү 2020-жылы дээрлик 6% төмөндөйт жана чыгымдар 3 трлн долларга жакындашы мүмкүн.


Читать похожее

  • 05.01.2021, 05:30:15
  • 08.07.2020, 03:15:47