Гемодиализ алган бейтаптарга бюджеттен 2,2 млрд сом каралды

28.03.2024, 09:50 Акчабар
Гемодиализ алган бейтаптарга бюджеттен 2,2 млрд сом каралды

Бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ алгандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгрессин ачып жатып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөт башчы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2019-жылы 19,0 млрд сом, 2023-жылы 38,0 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.

“Бардык 7 аймактык оорукана жаңы МРТ аппараттары менен камсыздалып, аймактарда 4 компьютердик томография борбору ачылды. 2 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаасы сатылып алынган. Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга Президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Ал эми быйыл түрк кесиптештеринин колдоосу менен боорду алмаштыруу боюнча операцияларды баштоону пландап жатабыз”, - деди ал.

Тэги: Гемодиализ бөйрөк оорусу коомдук саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть