ИИМдин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

22.12.2020, 17:35 Акчабар
ИИМдин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына «Т.Б.» аттуу жарандан Ички иштер министрлигинин кызматкери тарабынан 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылуу фактысы боюнча арызы келип түшкөн.

Ушул жылдын 21-декабрында Финполдун кызматкерлери ИИМдин ИТКсы менен биргеликте 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү «Р.Б.» кармалды.

Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: ИИМ кызматкер Пара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть