«Ильшат» коомдук фонду жалпы баасы 10 миллион 150 миң сом болгон 5 тез жардам унаасын медициналык мекемелерге берди. Бул тууралуу бүгүн, 5-августа Өкмөттүн маалымат кызматынан
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өлкө үчүн оор мезгилде жарандар, ыктыярчылар жана медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, «Ильшат» коомдук фонду COVID-19 пандемиясы маалында активдүү иш жүргүздү.
Белгиленген мөөнөттө чогултулган каражаттар атайы автотранспорт, медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, ошондой эле республиканын жети облусундагы жана ири шаарлардагы дарыгерлер жана калкты тамак-аш продуктулары менен камсыздоого багытталган.