«Инфокомдун» мурунку жетекчиси: А. Шаикова литва компаниясынын кызыкчылыгын коргоо үчүн мага 20 миң$ берген

08.10.2019, 15:28 Акчабар
«Инфокомдун» мурунку жетекчиси: А. Шаикова литва компаниясынын кызыкчылыгын коргоо үчүн мага 20 миң$ берген

Мамлекеттик ишкана «Инфокомдун» мурунку жетекчиси Талант Абдуллаев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова литвалык компания Garsu Pasaulisтун кызыкчылыгын коргоо үчүн 20 миң$ бергенин билдирген видеосу социалдык тармакта кеңири тароодо.

Ал Алина Шаикова менен 2018 – жылдын декабрь айында жана 2019 – жылдын январь айында эки жолу жолукканын билдирди.

«Мен МКК мурунку өкүлү Алина Шаикова менен эки жолу жолуккам. 2018 – жылдын декабрь айында ал Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын жана жолугушууда ага электрондук паспорт боюнча компаниянын кызыкчылыгын колдоо тууралуу сунуш түшкөнүн айткан. 2019 – жылдын январь айында анын иш бөлмөсүндө кайрадан жолугушуу болуп, андан соң мага 20 миң$ өлчөмүндө акча каражаты жиберилген», — деп айтылат видеодо.

Эске сала кетсек, ММК дагы чулгандуу иш тендерди Garsu Pasaulis компаниясы утуп алгандан башталган.

Сынакка катышкан эки башка компания — Muhlbauer ID Services GmbH жана IDEMIA France SAS тендердик комиссиянын жыйынтыгына макул эмес экендигин билдиришкен. Арыз жана наразычылыктарды караган ведомство аралык комиссия, мамлекеттик сатып алуу Департаментине укуктук баа берүү үчүн УКМКга кайрылууну өтүнгөн.

УКМК келип түшкөн арызга карата текшерүү ишин баштаган.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев үй абагына чыгарылып, ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Алина Шаикова дароо ээлеген кызматынан бошотулган. Кийинчерээк ал өлкөдөн качып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, издөө иши жарыяланган.

Биометрикалык паспортту даярдоо үчүн өткөрүлгөн тендердин айланасындагы чулгандуу окуядан соң, УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов дагы ээлеген кызматынан бошотулган.

Тэги: Инфоком Шаикова МКК паспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть