Иранда өтө турган ири жарманкеге кыргыз ишкерлери да чакырылды

15.04.2021, 16:21 Акчабар
Иранда өтө турган ири жарманкеге кыргыз ишкерлери да чакырылды

Ушул жылдын 18-21-май күндөрү Ирандын Тегеран шаарында биринчи адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “Акчабарга” Түркиядагы Кыргызстан достук маданият коомунун ардактуу төрагасы, жеке ишкер Айбек Сарыгул билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага кыргыз ишкерлери да чакырылган жана анын алкагында кыргыз-иран бизнес форумун уюштуруу мерчемделүүдө.

“Урматтуу ишкерлер, Иран менен соода жана логистика алакаларыбызды күчтөндүрүү шарт болуп турган учурда Ирандагы элчиликтин бул демилгесин колдоп, кызыктар болгон ишкерлер барып келели деп чакырык жөнөтүп жатам. Мүмкүн болсо бул чакырыкты көбүрөөк ишкерлерге таратууга жардамчы болуңуздар”, - деди Сарыгул.

Ири иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш мамлекеттин алдыңкы экспорттук компаниялары, мындан тышкары, Кытай, Индонезия, Түштүк Корея, Индия, Египет, Сербия жана Латын Америкасынын айрым өлкөлөрү болуп, жалпысынан 40тан ашуун мамлекеттин ишкерлери катышары күтүлүүдө.

Тэги: жарманке Иран ишкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть