Иш учурундагы кырсыктар боюнча 12 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

15.04.2024, 10:15 Акчабар
Иш учурундагы кырсыктар боюнча 12 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

2024-жылдын биринчи кварталында Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы 38 өндүрүштүк кырсыкты иликтеген.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында жабырлануучуларга жана алардын үй-бүлөсүнө жалпысынан 12 млн 101 миң 429 сом кенемте төлөндү.

Эмгекти коргоо жаатындагы тартип бузуулар үчүн 777,5 миң сомдон ашкан айыптардын жалпы суммасы менен жоопкерчиликке тартылгандардын саны өстү. Сот процесстеринин жүрүшүндө эмгек инспекторлору эксперттердин, консультанттардын, үчүнчү жактардын жана айыпталуучулардын ролунда 20 жолугушууга катышты.

Мындан тышкары, отчеттук мезгилде кызмат тарабынан жеке жана юридикалык жактарга КРнын эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча 1 миң 352 акысыз консультациялар берилген.

Тэги: кенемте кырсык өндүрүш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть