Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.05.2020, 03:20

Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштоодо.

[news 24065]

«Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана бизнес чөйрөнүн активдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика министрлиги тарабынан өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 "Ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтом долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн аппаратынын кароосуна сунушталды. Ага ылайык, ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган», — деп билдирет Экономика министрлиги.

Министрликтен белгилешкендей, өкмөттүн аталган токтомунун 1-пунктунда айтылгандай, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген.


Читать похожее

  • 02.08.2024, 03:15:40
  • 29.05.2024, 04:43:01
  • 13.05.2024, 00:15:43
  • 29.03.2024, 05:26:34