Жапаров: Бийликке келгенден кийин бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык

02.03.2021, 09:15 Акчабар
Жапаров: Бийликке келгенден кийин бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык

Бийликке келгенден кийин бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.

«Бийликке келгенден кийин биз бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Албетте, толук кандуу коргоого ала элекпиз. Билесиздер, биздин эл президенттик башкаруу формасын тандады. Ошого байланыштуу жаңы Конституцияны кабыл алабыз. Андан кийин жаңы мыйзамдар жазылат, жаңы парламент шайланат», -деп билдирди Жапаров.

Президент билдиргендей, бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин бул агенттиктин деңгээли жогору көтөрүлөт. Аталган агенттик Президенттин алдындагы Улуттук агенттик болот.

Эске сала кетсек, жакында эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп Алманбет Шыкмаматов дайындалган.

Тэги: Садыр Жапаров агенттик инвестиция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть