Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.02.2020, 03:00

    Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча мекеменин 58 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

    2019-жылы Мамлекеттик салык кызматына 179 кайрылуу, даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу жүзүндө – 82 билдирүү, электрондук почта боюнча - 46, «ишеним телефонуна» – 48 жана массалык маалымат каражаттары аркылуу – 3.

    Бул кызмат жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында төмөнкү телефондорду ишке киргизген. Ишеним номуру – 0312613189, дароо байланыш номуру 0779613189 жана электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги иштейт.


    Читать похожее

    • 29.07.2024, 05:55:15
    • 18.07.2024, 23:20:01
    • 17.05.2024, 03:00:27
    • 23.11.2020, 21:30:29