Ысык-Көлдө жаран 5000 жасалма долларды 2000 долларга сатып алган

09.12.2020, 11:15 Акчабар
Ысык-Көлдө жаран 5000 жасалма долларды 2000 долларга сатып алган

Ысык-Көл облусунда жасалма 100 долларлык купюралар менен соода кылып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук млициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, 23-ноябрдан 26-ноябрга чейинки аралыкта азият улутундагы белгисиз жарандын үстүнөн Кызыл-Суу жана Дархан айылдарынын тургундары кайрылган.

Арызда алар белгисиз жаран майда соода кылып, акчасын доллар менен төлөп, калдыгын сом менен алып жүргөнүн айтышкан.

Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургунун кармашкан. Алгачкы суракта, шектүү адам күнөсүн толугу менен мойнуна алган.

Ал баштапкы көрсөтмөсүндө, 5000 жасалма долларларды 2000 долларга сатып алганын, дүкөндөрдөн жасалма акча менен майда соода кылып, сом менен калдыгын алып жүргөнүн айткан.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында милиция кызматкерлери жасалма акча каражаттары каяктан келгенин жана кандай жол менен жасалгандыгын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жети-Өгүз райондук милициясы кимде ким жасалма акча менен соода калган адамга алданып калса 0700058999, 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Тэги: Ысык-Көл доллар купюра

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть