Жапаров: Сооронбай Жээнбеков арыз жазып кызматтан кетет

10.10.2020, 19:00 Акчабар
Жапаров: Сооронбай Жээнбеков арыз жазып кызматтан кетет

Өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаров «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетерин айтты.

Депутат Тазабек Икрамов ага «президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешүүгө даярсызбы?» деген суроо узатты.

«Мен Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал арыз жазып кызматтан кетем деди. Сиздер азыр бекитип берсеңиздер арыз жазып кетем деп өзүнүн сөзүн айтты», ­– деди Жапаров.

Учурда Садыр Жапаров өзүнүн программасы менен тааныштырып бүтүп, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Тэги: Садыр Жапаров Ала-Арча резиденция Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть