Жээнбеков: «Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек»

12.02.2020, 13:00 Акчабар
Жээнбеков: «Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек»

«Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы мисал катары 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүү керек экендигин айтты.

«12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда. Жыйынтыгында долбоорлоо стадиясына гана бир жылдан ашуун убакыт кетүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары Президент ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткенин айтып, төрт эле жылда 70 позицияга ылдыйлап кеткендигин кошумчалады.

«Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек. Мамлекеттик органдар менен адамдын байланышын максималдуу жокко чыгаруу зарыл», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: Жээнбеков бюрократия коррупция президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть