Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

24.06.2020, 17:30 Акчабар
Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыкты. Учаардын астында президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

«В.В.Путин Жэнбековдун Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгы өкүнүү менен белгиленди», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Эске сала кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болгон кийинки иш сапары ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген.

30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.

Тэги: Жээнбеков телефон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть