Жээнбеков: Россия - жакын, ишенимдүү шериктешибиз, стратегиялык өнөктөшүбүз

28.02.2020, 10:30 Акчабар
Жээнбеков: Россия - жакын, ишенимдүү шериктешибиз, стратегиялык өнөктөшүбүз

«Россия- биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышы аземинде.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси болуп саналаарын белгиледи. Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылаарын өзгөчө белгиледи.

«Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер Союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россия өз элдеринин эркин билдирүү аркылуу бирдиктүү көз караш менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу интеграциялык жана аскердик-саясий бирикмелердин курамына кошулаарын кошумчалады.

Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташууну арбытуу Кыргызстандын маанилүү артыкчылыгы болуп саналаарын айтып, Кыргызстандын ЕАЭБдин шарттарына кирүү жана адаптация процессинде Россия Федерациясынын зор ролун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын элинин атынан Россия Федерациясынын жалпы элине терең сый-урмат жана ыраазычылык билдирип, эки өлкөгө тынчтык, өсүп-өнүгүү жана байгер турмуш каалады.

Тэги: Жээнбеков Путин Россия-Кыргыз кайчылаш жылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть