Жээнбеков юстиция министри Жаманкуловду кабыл алды

29.01.2020, 09:20 Акчабар
Жээнбеков юстиция министри Жаманкуловду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-январда юстиция министри Марат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда, Марат Жаманкулов Мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү Юстиция министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилгени белгиленди. Сот органдары документтерди карап чыккандан кийин, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк 3 күн ичинде берилет.

Ошондой эле «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилген. Ал «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу нотариустун Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдардан маалымат алуусуна мүмкүндүк берет.

2019-жылы 14 441 кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Адвокаттардын жардамы менен соттор алгачкы жолу 8 актоо өкүмүн чыгарышты. Эгерде мурда буга бюджеттен 16-20 млн сом бөлүнсө, 2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн. Калкка кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамдардын жана Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Тэги: Жээнбеков юстиция министри Жаманкулов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть