Өкмөт: жеке буйрутма менен келип жаткан дары-дармектерге чектөө коюлган эмес

13.07.2020, 17:25 Акчабар
Өкмөт: жеке буйрутма менен келип жаткан дары-дармектерге чектөө коюлган эмес

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын өкмөтү чет жерден жеке буйрутмалар боюнча алынып келип жаткан дары-дармектерди жана башка жүктөрдү киргизүүгө чектөө салгандыгы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү чет жактан жеке буйрутмалар менен дары-дармек каражаттарынын жана башка жүктөрдүн алынып келишине эч кандай чектөө киргизген эмес. Мындай чектөөлөр тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда медициналык каражаттар жана дары-дармектер сатылып жатат деген маалыматтар пайда болуп, аны өкмөт расмий четке каккан.

Тэги: дары дармек КР Өкмөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть