akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.10.2023, 05:34

    Август айында кыргызстандыктар коммерциялык банктардан 1 млрд 283 млн 52,1 миң сом ипотекага насыя алышкан. Бул 2023-жылдагы рекорддук сумма. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

    Июль айына салыштырмалуу банктар тарабынан берилген турак жай алуу боюнча насыялардын көлөмү 14%га азайып, жылдык мааниде (2022-жылдын августуна карата) өсүш 101,5%ды түздү.

    Ошол эле учурда август айында берилген ипотека боюнча орточо чен 15,29%ды түздү.

    Жыл башынан бери 16,14%дан төмөндөгөн, бирок июль айына салыштырмалуу 0,74 пайыздык пунктка өскөн. Мында быйылкы жылдын эң төмөнкү көрсөткүчү февраль айында – 13,34%, эң жогорку көрсөткүчү – 17,41% май айында катталган.

    Белгилеп кетсек, бул маалыматтарда Мамлекеттик ипотекалык компания берген насыялар эсепке алынган эмес.


    Читать похожее