Жыл башынан бери бизнестен бюджет насыясы боюнча казынага 2.3 млрд сом түшкөн

28.08.2020, 10:00 Акчабар
Жыл башынан бери бизнестен бюджет насыясы боюнча казынага 2.3 млрд сом түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта июль айына чейин ишкерлер казынага бюджеттик насыялар боюнча 2 млрд 333.8 млн сом кайтарышты. Бул тууралуу республиканын каржы министрлиги маалымдады.

Белгиленгендей, ишкерлер алдын ала коюлган пландын - 41 пайызын, айып боюнча - 12 пайызын аткарышкан. Бирок, ушул эле учурда бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга төмөн болгон.

Андан сырткары, Финансы министрлигинин Улуттук банктагы эсебине 2020-жылдын январь-июль айларында агенттик тарабынан 353.4 млн сом бюджеттик насыя кайтарылган. Алардын ичинен:

  • Швейцария өкмөтүнүн гранттары аркылуу - 2.2 млн сом;
  • Япония өкмөтүнүн гранттары аркылуу - 6.8 млн сом;
  • ЮСАИД долбоору аркылуу - 6.2 млн сом;
  • Эл аралык өнүктүрүү насыясы аркылуу - 10 млн сом;
  • Кытай өкмөтүнүн гранттары аркылуу - 22.7 млн сом;
  • Турция насыясы боюнча - 600 миң сом;
  • Германия насыясы боюнча (KFW) – 217.2 млн сом;
  • Евразия өнүктүрүү банк насыясы аркылуу - 87.5 млн сом.

Тэги: ишкерлер казына насыя млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть