«Кадастр» мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды

11.04.2024, 11:07 Акчабар
«Кадастр» мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды

Сокулук районундагы “Куруучу” (Строитель) багбанчылык коомунун жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө кайра каттоого алган “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Куруучу” багбанчылык коомунун төрагасы башка кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, өзүнө жана жакын туугандарына жер тилкелерин каттатып, жасалма чечимдерди кабыл алган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, мыйзамсыз түрдө 3 млн 439 миң сом алышкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду. “Куруучу” ишканасынын жетекчиси менен Кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тэги: ГУ Кадастр мамлекеттик мекеме коррупция фактысы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть