Калк үчүн электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт

14.07.2021, 16:00 Акчабар
Калк үчүн электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт

Калк үчүн электр энергиясына баа быйыл көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттык” үналгысына берген маегинде билдирди.

Маалым болгондой, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан болот. Ал эми тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Эгер абонент бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бекмурзаев кошумчалагандай, айлык, пенсия, жөлөк пул көбөймөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт.

2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтомго ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелмек. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, баа 2 сом 52 тыйындан эсептелмек.

Бирок өндүрүштүк ишканалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйындан төлөйт. Бул тариф сентябрь айынан тарта иштеп баштааары күтүлүүдө.

Тэги: Электр энергиясы тариф бекмурзаев министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть