Калкып туруучу күн электр станциясы ишке киргизүүгө дайын

04.01.2024, 17:50 Акчабар
Калкып туруучу күн электр станциясы ишке киргизүүгө дайын

“Чакан ГЭС" ААК карамагындагы ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттардын эсебинен калкып туруучу күн электр станциясын куруу пилоттук долбоорун соңуна чыгарууда. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө долбоор боюнча негизги жана комплектөөчү жабдууларды чогултуу жүргүзүлдү: станциянын 95 кВт кубаттуулуктагы калкып туруучу жана 5 кВ – жер үстүндөгү бөлүктөрү жумушчу долбоордо аныкталган пункттарга орнотулган.

Мындан тышкары, адистер трансформатордук көмөкчордонго туташтыруучу калкан орнотуп, күч кабелдерин тартышты.

Эске салсак, "Чакан ГЭС" ААК Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станциясынын пилоттук долбоорун ишке ашырууда.

Тэги: күн электр станция Азия өнүктүрүү банкы Чакан ГЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть