«Карын энеликти» жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

17.10.2023, 11:05 Акчабар
«Карын энеликти» жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "карын энеликти" жарнамалоого тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу “Reporter.kg” маалымат агенттиги жазды.

Анын айтымында, Кыргызстанда катталбаган клиникаларга суррогат энелерди издөөгө бөгөт коюу зарыл. Депутаттын демилгеси кыргызстандык аялдардын укугун коргоого багытталат.

“Иран, Кытай жарандары келип, Кыргызстанда акчага муктаж аялдарды суррогат эне болууга үндөшөт. Анан аларды Кипр, Грузияга алып чыгып кетет. Ал жакта кокус боюнан түшүп калса, эч нерсе төлөп беришпейт”, - дейт Дастан Бекешев.

Депутат демилгесин “Коомдук саламаттык жөнүндө” мыйзам долбооруна сунуштайт. Бул мыйзам долбоор "Социалдык саясат боюнча" комитеттин жыйынында экинчи окууда жактырылды.

Суррогат энелик – үч кишинин катышуусу менен ишке ашкан бала төрөтүү ыкмасы. Балага ата болгусу келген эркектин уругу менен эне болчу аялдын тукум клеткасы жасалма түрдө уруктандырылат. Уруктандырылган түйүлдүк башка аялдын (суррогат эненин) жатынына салынат да, ал аял баланы тогуз ай бою көтөрүп, төрөп берет. Адатта ден-соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту көтөрө албаган же башка себептерден улам өздөрү төрөй албаган аялдар суррогат эненин жардамын пайдаланышат.

Тэги: суррогат энелик карын эне төрөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть