Каржы пирамидасын уюштурганы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кытай жараны кармалды

25.04.2022, 17:17 Акчабар
Каржы пирамидасын уюштурганы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кытай жараны кармалды

Бишкектин аймагынан өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы Ч.Ч аттуу кытай жараны 2013-жылы Кытайдан Кыргызстанга келип, ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес.

“Кытай жараны Ч.Ч. Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 млн юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ч.Ч.га карата Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал 19-апрледе Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ч.Ч. карата №1-тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Тэги: каржы пирамида кытай жараны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть