Казакстандык 13 жаштагы бала инисинин дарылануусуна акча чогултуу үчүн маникюр жасаганды үйрөнгөн. Бул тууралуу «Москва 24»порталы билдирди.
Алгач баланын ата-энеси бул эркектердин жумушу эмес деп каршы болушкан. Кийинчерээк ал жасаган тырмак жасалгалар, профессионалдуу адистердин жогору баасына татыган жана алар баланын ата-энесине каршы болбой, тескерисинче колдогула деген кеңештерин беришкен.