Казакстанда кыргызстандык 2 миң 300дөй компания ишмердүүлүк жүргүзүүдө

19.12.2023, 15:51 Акчабар
Казакстанда кыргызстандык 2 миң 300дөй компания ишмердүүлүк жүргүзүүдө

Казакстанда чет элдик компаниялардын саны дээрлик 20% өстү. 1-декабрга карата Казакстанда кыргызстандык 2300 компания ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери өлкөдө чет өлкөлүк катыштыгы бар компаниялардын саны 18,7% өскөн. Эгерде 1-январга карата 36,6 миң чет элдик уюм болсо, декабрь айынын башында алардын саны 43,4 миңге жеткен. Анын ичинен кичи ишканалар – 42,8 миң, орто – 327 жана ири ишканалар – 244ди түзөт.

Чет элдик компаниялар соода тармагына инвестиция салууга, автомобильдер жана мотоциклдерди оңдоого артыкчылык беришет, алардын саны 15,5 миң ишкана. Курулуш — 3,7 миң, маалымат жана байланыш тармагында 3,4 миң ишкана бар”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: курулуш соода-сатык автомобиль Казакстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть