Келерки жылдан тарта соода иштери боюнча патент берилбейт

16.10.2023, 11:31 Акчабар
Келерки жылдан тарта соода иштери боюнча патент берилбейт

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизинде иштеген соода иштери токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январга чейин патент менен соода кылган ишкерлер башка салык режимдерине өтүшү зарыл.

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат.

  • жалпы салык режими: салыктар учурдагы салык мыйзамдарына жана ставкаларына ылайык жалпы негизде төлөнөт;
  • бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешелерден 8 млн сомго чейин 0%, 30 млн сомго чейин 0,5% жана 50 млн сомго чейин 1%.

Бирдиктүү салыктык негизде иштегендер контролдук-кассалык машинаны колдонууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды жана башка бир катар милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн салык режимдеринин бирине өтүү үчүн ишкерлер учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз бериши керек.

Учурда салык органдары башка салык режимине үзгүлтүксүз өтүү максатында соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Тэги: патент менен иштөө Бирдиктүү салык декларация соода иштери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть