Опубликовано
08.09.2020, 11:00Сегиз ай ичинде ААК «Кепилдик фонду» 1 миң 83 кепилдик берген. Бул тууралуу фонддун өкүлү Малик Абакиров маалымдады.
[news 27811]
Белгиленгендей, кепилдик алгандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 8 ай ичинде 370% көбөйгөн.
Фонддун өкүлү белгилегендей, дээрлик 466 млн сомго кепилдик берилген. Ал эми ААК «Кепилдик фонду» тарабынан берилген насыялардын көлөмү дээрлик 2 млрд сомдон ашкан.
«ААК «Кепилдик фонду» ишкерлерге жалпысынан 2 млрд 142 млн сомдон ашык 2.7 миң кепилдик берген, муну менен катар берилген кепилдиктерге берген насыялардын көлөмү 7.6 млрд сомдон ашкан», — деп айтты Малик Абакиров.