«Кепилдик фонду» тарабынан 1 миң 83 кепилдик берилген

08.09.2020, 17:00 Акчабар
«Кепилдик фонду» тарабынан 1 миң 83 кепилдик берилген

Сегиз ай ичинде ААК «Кепилдик фонду» 1 миң 83 кепилдик берген. Бул тууралуу фонддун өкүлү Малик Абакиров маалымдады.

Белгиленгендей, кепилдик алгандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 8 ай ичинде 370% көбөйгөн.

Фонддун өкүлү белгилегендей, дээрлик 466 млн сомго кепилдик берилген. Ал эми ААК «Кепилдик фонду» тарабынан берилген насыялардын көлөмү дээрлик 2 млрд сомдон ашкан.

«ААК «Кепилдик фонду» ишкерлерге жалпысынан 2 млрд 142 млн сомдон ашык 2.7 миң кепилдик берген, муну менен катар берилген кепилдиктерге берген насыялардын көлөмү 7.6 млрд сомдон ашкан», — деп айтты Малик Абакиров.

Тэги: кепилдик фонду кепилдик фонд Малик Абакиров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть