Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.05.2020, 08:00

Быйыл 4 айда «Кепилдик фонду» тарабынан 204 млн сомго 600 кепилдик берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров билдирди.

[news 22693]

Анын айтымында, быйыл 4 айда алардын активдери 102%га өсүп, 1 млрд 225 млн сомду түздү.

«Кепилдиктерди берүү токтогон жок. Төрт ай ичинде 204 млн сомго 600 кепилдик берилди. Ал былтыркы жылга караганда 400%га көп. Бирок сумма жагынан ал 91%ды түзөт. Ал коронавирустун тийгизген таасири менен байланыштуу. Ошентсе да биздин ишмердик кирешелүү болуп саналат. Биз 20 млн таза киреше таптык. Ал былтыркыга караганда 186%га көп. Өнөктөш банктар биздин кепилдигибиз боюнча 1 млрд 100 млн сомдон ашык насыя беришти», - деди ал.


Читать похожее

  • 02.08.2024, 03:15:40
  • 17.06.2024, 02:37:56
  • 19.09.2023, 23:50:18
  • 10.02.2021, 22:00:43