Кесиптик лицейлерге дээрлик 700 миң долларга компьютерлер сатылып алынат

06.02.2024, 13:52 Акчабар
Кесиптик лицейлерге дээрлик 700 миң долларга компьютерлер сатылып алынат

2024-жылы 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелери (колледждер жана лицейлер), ошондой эле Республикалык илимий-методикалык борбор 695 миң 142 долларлык компьютердик техника менен жабдылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында алынып келинет.

"20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми 8 алдыңкы тажрыйба борборуна жарым өнөр жай 3D-принтер сатып алынат. Аталган окуу жайлардын окутуучулары үчүн жаңы жабдуулар менен колдонуу боюнча окутуу уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: билим берүү жабдуу кесиптик лицейлер колледждер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть