Кийинки жылы пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтүү пландалууда.
Жарым жылдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу төгүмдөр кайра каралат, эгер сумма жогоруласа, анда пенсиянын көбөйтүлө турган пайызы дагы жогорулашы мүмкүн.