Киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттордун формалары бириктирилди

24.02.2021, 13:30 Акчабар
Киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттордун формалары бириктирилди

Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгектик мамилелер боюнча отчеттордун формалары бириктирилди, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.

Өкмөттүн 2021-жылдын 27-январындагы №24 токтомунун негизинде бириктирилген отчеттун формасы (FORM STI-161) жана аны толтуруу жана берүү тартиби бекитилген.

Алардын бириктирилүүсү салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү отчетторду жөнөкөйлөтөт, санын кыскартат, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана Кыргызстандын эл аралык рейтингде позициясын жакшыртат.

Бириктирилген отчет чакан жана орто ишкердик субъект, коммерциялык эмес уюм болуп саналбаган салык агент тарабынан 2021-жылдын 1-апрелинен тартып электрондук түрдө гана берилет.

Бириктирилген форма отчеттуулуктун 5 түрүн алмаштырат, анын ичинде:

1) Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкаркы) (FORM STI-134);

2) Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-017);

3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-058);

4) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомосту;

5) Эмгек боюнча отчет (Форма № 1-Т).

Ошентип салык төлөөчү (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) тарабынан салык органдарына жана Улуттук статитстика комитетине берилүүчү отчеттуулуктун беш түрдүн ордуна бир мамлекеттик органга – салыктык же эсептик каттоосу боюнча салык кызматына бир отчет берилет.

Тэги: киреше салыгы отчеттор форма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть