«Сосновка» жана «Арал» постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунун унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
6-апрель күнү саат 07:00дө «Сосновка» жана «Арал» постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынды.