akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.06.2024, 09:54

    Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү долбоору үчүн 35 млн доллар бөлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды.

    Анын ичинен 5 млн доллары грант катары жана 30 млн доллары нөл пайыздык үстөк менен 12 жылга, алты жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя катары берилет.

    Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты айрым агроазык-түлүк кластерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле белгиленген критерийлерге ылайык кризис же өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда, аларга ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09